МУССОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУССОН (арабча mausim - жыл мезгили) - жыл мезгили боюнча туруктуу соккон шамал. Ал кы­шында кургактыктан деңизди, жайында теске­рисинче, деңизден кургактыкты карай согот. М. жыл мезгилдеринде кургактык менен деңиздин бирдей жылыбагандыгынан абадагы басымдын ар кыл болушунан пайда болот. Суу кургактык­ка караганда жай ысып, жай муздагандыктан, жайында кургактык үстүндөгү абага караганда деңиз үстүндө абанын температурасы төмөнүрөөк, аба басымы жогору болгондуктан, М. шамалы де­ңизден кургактыкты карай согот. Кышында, тескерисинче, кургактык тез сууп, абанын темп­расы төмөн, басым жогору болгондуктан, ша­мал кургактыктан деңизди карай согот. М. кли­матынын өзгөчөлүгү - кышы ала булуттуу ке­лип, кургакчыл, жайы нымдуу, жаан-чачын­дуу болот. Бул аба агымы тропиктик (Инди океанынын алабына мүнөздүү) жана тропиктен сырткары М. (Чыгыш Азияга, Ы. Чыгышка мүнөздүү) болуп бөлүнөт, к. Муссон климаты.

Ад.: Тропические муссоны/Под редакциялык М. А. Петро­сянца, П. Н. Белова. Л., 1988.