МУРЗАХМЕДОВА
МУРЗАХМЕДОВА Гүлнара Мурзалиевна (29. 8. 1961-жылы туулган, Токмок ш.) - адабиятчы, филология илимдеринин доктору (2010). Свердлов ш-ндагы М. Горький атындагы Урал мамлекеттик университетин 1985-ж. бүтүргөн. Эмгек жолун 1978-ж. Токмок ш-ндагы «Сверл» заводунда техник болуп иштөөдөн баштаган. 1985-93-ж. КМУда окутуучу, 1994-99-ж. КР ТИМде илим-изилдөө жана редакциялык-басма бөлүмүнүн начальниги, басма сөз кызматынын референти, КРдин Президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси, 1999-2009-ж. «КООРТ» телекомпаниясынын башкы директору, 2009-жылдан И. Арабаев атындагы КМПУда окутуучу. 40тан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 1 окуу курал, 2 монография) автору.
Эмг.: Факт и вымысел в романе Т. Касымбекова «Сломанный меч»//Известия ВУЗов. № 3-4. 2008; Историческая романистика Т. Касымбекова и её место в развитии жанра. Б., 2009.