МУНАРА КРАНЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МУНАРА КРАНЫ — мунарага орнотулган, ай­ланма жебелүү жана көтөргүч лебедкалуу кран. Жүк бурулуучу платформада көтөрүүчү, бурулуу­чу жана кранды жүктүн таасиринен болуучу ийилүү моментинен сактоо үчүн каршы салмак болуп эсептелет. Каршы салмак крандын мас­сасын бир кыйла азайтат. Кранды башкаруучу адамды түшүрүү үчүн крандын лифти болот. М. к. негизинен курулушта бийик имарат куруу­да колдонулуп, туруктуу орнотулган (стацио­нардык) жана жылып турма болуп бөлүнөт. Кый­мылдуу кран жердин үстү, негизинен рельс менен жүрөт. М. к. имарат, кеме курууда курулуш ма­териалын берип турат. Жылып турма М. к-нын жүк көтөрүмдүүлүгү 100 т, стационардык М. к-ны­кы - 400 гга, көтөрүү бийикт. 150 лгге, жебенин айлануусу 50 лгге жетет.