«МУЛХАКАТ АС-СУРАХ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«МУЛХАКАТ АС-СУРАХ», «А с - С у р а х э м­гегине кошумчалар»- тарыхчы­илимпоз Жамал Каршинин араб тилинде жаз­ган эмгеги. «М. а.-С.» лингвистикалык эмгекке кошумча иретинде жазылып, тарыхый биогр. жана тары­хый-адабий негизде иштелген. Бул эмгекте Те­ңир-Тоодогу Караханиддер доору жана андан ки­йинки мезгилдин (10-13-к.) тарыхы үчүн бир катар баалуу маалыматтар камтылган. Бул ки­тептеги айрым маалыматтар 11-к-да Теңир-Тоодо жашаган тарыхчы ал-Алмайинин бизге жетпей калган «Кашкар тарыхы» чыгармаларынан алынган. Азыркы мезгилде «М. а.-С-тын» эки кол жазмасы белгилүү (экөө тең Санкт-Петер­бургда).