МОЮН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОЮН - адамдын жана жаныбарлардын көкүрөк клеткасын баш менен кошуп турган дене бөлүгү. Ал бир жагынан баш сөөгүнүн негизи, экинчи жагынан көкүрөк клеткасынын жогорку теши­ги менен чектелген. М-дун алды жагы алкым же тамакты, арт жагы булчуңдуу желке, кежиге же шилини түзөт. Ал М. омурткасынан турат. Бул омурткалардын каптал урчугунда тешиги болуп, анда мээни кан менен камсыз кылуучу омуртка артериясы жана венасы жатат. Омуртка каналынын ичиндеги жүлүндөн чыккан нервдер М. жана ийин чатыштарын түзөт. М. баштын кыймылын камсыз кылат, азыгын кармоого мүмкүндүк берет. М-да дем алуу (кекиртек, тра­хея) жана тамак сиңирүү (алкым, айрым шиле­кей бездери, кызыл Өңгөчтүн жогорку бөлүгү) органдарынын башталышы, бир топ тамырлар (күрөө тамыр, лимфа тамырлар), калкан сымал жана калкан жанындагы бездер, нервдер жайгаш­кан. М. омурткаларынын жүлүн көңдөйүндө жүлүндүн башталыш бөлүгү жатат. Жерде-суу­да жашоочуларда сыртынан М-у байкалбайт. Аларда 1 гана М. омурткасы бар. Ал башын ылдый түшүрүп, жогору көтөрө алат. Куштарда М. омурткалары 9дан 25ке чейин жетет. Айрым­дары башын бир жакка 270°ка чейин бура алат. Сүт эмүүчүлөрдө М-у канчалык узун болсо да, омурткаларынын саны 7ден ашпайт.