МОХ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОХ Григорий Иванович (8. 3. 1909, Ысык­Көл обл., Түп р-ну, Түп айылы -- 1989, ошол эле жер) -

дыйкан, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1951). Улуу Ата Мек. согуштун катышуучусу. 1947-жылдан Түп р-нундагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхоздун талаачылык боюнча бригада­сын жетектеген. Ал башкар­ган бригада 1950-ж. 131 га жердеги буудайдын ар гек­тарынан 30 цден түшүм жыйнап алган. Ленин, «Ар­дак Белгиси» ордендери менен сыйланган.