МОРФОЛОГИЯ (биология)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОРФОЛОГИЯ биологияда - жаныбар организминин, алардын жеке (онтогенез) жана тарыхый (филогенез) өөрчүшүнүн закон че­немдүү формасы жана түзүлүшү жөнүндөгү окуу. Жа­ныбар М-сы изилденүүчү жаныбардын түзулүш деңгээлине жараша цитология, гистология, ана­томия, эмбриология болуп бөлүнөт. Ошондой эле функ­ционалык, экол., эволюциялык, популяциялык М. бел­гилүү. Адамдын М-сы организмдин түзүлүшүнүн түрдүү өзгөрүүлөрүн (курактык, жыныстык, адистик ж. б.) изилдейт. Ошондой эле к. Өсүмдүк мор­фологиясы макаласын.