МОРФОЛОГИЯ (тил илими)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОРФОЛОГИЯ (грекче шогрйе - түр, форма жана ...логия) - 1) сөздөрдүн жасалышы жана кура­лышы жөнүндөгү эрежелердин жыйындысы; 2) грам­матиканын сөздөрдүн өзгөрүү формаларынын системасы жөнүндөгү бөлүгү. М-ын негизги түшү­нүктөрү: грамматикалык форма, грамматика­лык маани, грамматикалык категория. Грам­мат. маани турмуш (болмуш) көрүнүштөрүнүн түрдүү карым-катышын (мисалы, жөндөмө мүчө­лөрдүн мааниси) же сөздөрдүн чоң тобунун жал­пыланган маанисин туюнтат (мисалы, бардык сын атоочтор заттын сынын, сыпатын, касиетин, белгисин билдирет). Грамматикалык маанилерди туюн­туунун түрдүү жолдору бар: 1) аффикстер аркы­луу; бул жол өзгөчө индевропа жана түрк тилде­ринде өрчүгөн (мисалы, бала+нын - иликтин мүчөсү аркылуу, китеп+и - III жактын таандык мүчөсү аркылуу; 2) уңгудагы фонемалардын алмашуу­су менен (орус тил: теч+ёшь, тек+у; берег+у, бере­ж+ёшь); 3) басым аркылуу (мисалы, серб тилин­де). Сөздүн формасын туюнтуунун эки түрдүү жо­лу бар: 1) синтездик жол - грамматикалык маани сөзгө мүчөнүн жалганышы аркылуу берилет (үй+лөр, шаар+га); 2) аналитикалык жол - грамматикалык маани сөзгө кызматчы сөздүн кошулуп айты­лышы аркылуу берилет (өтө алыс, мал го, ат менен). Бирдей же ар түрдүү грамматикалык формалар аркылуу берилүүчү окшош грамматикалык маанилер - грамматикалык категория (мисалы, заттын үч жактын бирине таандык экенин билдирүүчү жалпы маа­ни таандык категориясы болот). Дүйнөдөгү тил­дердин грамматикалык категориялары сан жагынан да, аларды туюнтуу жолдору жагынан да бири бирине туура келе бербейт. Мисалы, орус, немис, түрк тилдери үчүн мүнөздүү жөндөмө категория­сы француз тилинде жок. Славян тилдериндеги род категориясы түрк тилдерине мүнөздүү эмес. Кээ бир грамматикалык категориялар бир тилде мүчө аркылуу, биринде кызматчы сөздөр аркылуу туюнтулат. Мисалы, таандык маанини туюнтуу кыр­гыз тилинде атайын мүчөлөр аркылуу ишке ашат (ат+ым, ат+ың), орус тилинде - иликтин мүчөсү аркылуу (право человек+а), француз, англис тилдеринде болсо предлог аркылуу берилет.

Ад.: Кыргыз тилинин грамматикасы (Морфоло­гия). Ф., 1974; Мелъчук И. А. Курс общей морфо­логии. М., 1997-2006. Т. 1-5; Плунгян В. А. Общая морфология: введение в проблематику. 3-е изд. М., 2009.