МОРФОГЕНЕЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 4 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОРФОГЕНЕЗ (грекче шогрйё - түр, форма жана ...генез), форма пайда болуу­организмдердин жеке (онтогенезде), ошондой эле та­рыхый же эволюциялык өөрчүшүндө (филогенезде) орган­дардын, системалардын жана дене бөлүктөрүнүн жана формалардын пайда болушу. М-ди изилдөө - өсүмдүк, жаныбар жана адам морфологиясынын негизги проблемаларынын бири. Ж а н ы б а р­л а р д ы н жеке өөрчүшүндө субклеткалуу, клеткалуу жана көп клеткалуу структуралар пай­да болот. Классикалык эмбриологияда, демей­де, көп клеткалуу структуралардын пайда бо­лушу М. деп түшүндүрүлөт. Ал өөрчүп жаткан организмдин көбөйүшү, формасынын өзгөрүшү, клеткаларынын орун которушунан пайда болот. Жаныбарларда клеткалардын көбөйүшү аркы­луу форма пайда болуу түйүлдүктөн кийинки өөрчүүгө мүнөздүү. Жаныбарда көндөй (түтүк) органдардын (ичегинин, нерв түтүгүнүн пайда бо­лушу), алардын бөлүктөрүнүн (мээ ыйлаакча­ларынын өөрчүшү) ж. б. учурлар М-ге мисал бо­лот. Ө с ү м д ү к М-и - өөрчүү процессинде форманын калыптанышы, морфол. структура­лардын пайда болушу жана организмдин бүтүн­дүгү. Өсүмдүктүн бүтүндөй онтогенезинде такай өстүрүп туруучу меристеманын болушу өсүмдүк М-инин мүнөздүү белгиси болуп эсептелет. Бул учурда бардык жаңы өркүн, гүл, тамыр ка­лыптанат жана дене түзүлүшүнүн метамердүүлүгү (симметриялуулугу) пайда болот. Онтогенез­дин ар кандай этаптарында организмдин өөрчү­шүн башкаруу максатында М-ди изилдөө өөрчүү биологиясы, ошондой эле генетика, молекула биоло­гиясы ж. б. тармактардын негизги маселелерй болуп саналат жана тукум куугучтук закон че­немдүүлүгүн изилдөө менен байланыштуу.

Ад.: Шмалъгаузен И. И. Организм как целое в ин­дивидуальном и историческом развитии. 3-е изд. М., 1982; Белоусов Л. Б. Биологический морфогенез. М., 1987; Черданцев В. Г. Морфогенез и эволюция. М., 2003. Д. Акматова.