МОНТМОРИЛЛОНИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНТМОРЙЛЛОНЙТ (Франциядагы Монмори­йон ш-нын атынан) - кабатчалуу силикаттар классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы (Са, Ка)(Ме, А1, Ее)2 [(81 А1)4О10](ОН)2‘ пН2О. Катуу­лугу 1. Салыштырма салмагы 1,8. Химиялык курамы өзгөрүлмөлүү. Өңү-түсү ак, кызгылтым, күрөң, жашыл сымал. Нымдалганда кабатчаларына суу кирип, көлөмү чоңоёт. Алюмосиликаттардын талкаланышы­нан пайда болот. Нефть, текстиль, самын кай­натуу ө. ж-нда колдонулат.