МОНОКЛИНАЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНОКЛИНАЛЬ (моно... жана грекче klino - жан­таюу) - тоо тек катмарларынын бир тарапка жантайып жатышы. Катмарлардын капталда­рынын акырындык менен жогору көтөрүлүшү же төмөн карай басырылышы. Платформалуу түзүлүштөргө таандык келип, антеклиза менен синеклизалардын капталдарын түзөт.