МОНОГАМИЯ (зоология)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНОГАМИЯ зоологияда - жаныбарлар­дын эркегинин бир эле ургаачысы менен жупта­шышы. Адатта эркеги тукумуна кам көрөт. Сүт эмүүчүлөрдө полигамияга караганда М. сейрек кездешет. Карышкыр, түлкү, кашкулак жана ки­ши сымал маймылдар салыштырмалуу турук­туу жуп түзөт. Жыныс диморфизми да М-да на­чар өөрчүгөн. М. канаттууларда кеңири тарал­ган. Ак куу, кунас, бүркүт, жору бир нече жыл­га, кээ бири өмүр бою, каз - бир көбөйүү мезги­линде гана жупту түзөт. М. курт-кумурскалар­да да учурайт.