МОНЕТАРИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНЕТАРИЗМ - мамлекеттик чарбалык башкарууда­гы практикалык концепция жана экономикалык теория. 1970-жылдардын ортосунда кулач жайган. Анда жүгуртүүдөгү акча санына жана акча-товар мас­сасынын байланышына негизги маани берилет. М-дин пайда болушуна инфляциянын дээрлик дүйнө жүзү боюнча күч алышы себеп болгон. Негиз­дөөчусү америкалык экономист М. Фридмен. М. алгач акча жүгүртүү теориясы катары каралса, кийин­черээк М. Фридмен акчанын макроэкономикага таасир берүү механизмдерин иштеп чыккандан кийин, экономикалык саясаттын өзөгү болгон. М-дин жак­тоочулары экономикага таасир этүүнүн негизги ыкмасы катары эмиссияны жөнгө салууну, улут­тук акча бирдигинин валюта курсун, кредит про­центин, салык ченин, бажы тарифин эсептешет.