МОНАРХИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МОНАРХИЯ (грекче monarchia - жеке бийлик) - монарх башкарган мамлекет. Чектелбеген (абсолюттук) М. (кул ээлөөчүлүк жана феод. тузүлүштөр үчүн мүнөздүү) жана чектелген (конституциялык) М. (мында монархтын бийлиги парламент тарабы­нан чектелет) болуп бөлүнөт. Азыркы доордо конституциялык М. мамлекеттери (Улуу Бри­тания, Норвегия, Дания, Швеция ж. б.) жашап турат. Конституциялык М-да монарх юридикалык түрдө аткаруу бийлигинин, сот системасынын башчысы болуп эсептелип, формалдуу түрдө

өкмөттү шайлап, министрлерди кетирип, аскер жана саясий күчтөрдү колдонууга, жоболорду чыгарууга, парламентти таркатууга укуктуу. Бирок иш жүзүндө бул функциялардын барды­гы толугу менен парламенттин колунда. Азияда­гы кээ бир өлкөлөрдө теократиялык М-лар бар (алардын башчылары ошол эле убакытта ди­ний башчы да болуп эсептелет).