МОЙДУНОВ Жумакадыр
МОЙДУНОВ Жумакадыр (1938-жылы туулган, Ош обл., Өзгөн р-ну, Кызыл-Кыштак кыш.) - жүгөрү өстүрүүчү, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1988). Эмгек жолун Өзгөндөгү курулушмонтаж башкармасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1971-жылдан Өзгөн р-нундагы «Яссы» совхозунда ар кандай жумуштарда эмгектенген. 1976- жылдан ушул эле совходо жүгөрү өстүрүүчү бригадада звено башчысы болуп иштегенетикалык Анын звеносу 1987-ж. 56 га жердеги жүгөрунүн ар гектарынан 158,8 цден түшүм жыйнап алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.