МАРШ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МАРШ (фр. marche - басуу, алга жылуу) - көпчүлүктөн, аскер же жөн эле ар кыл жүрүштө топ адамдын бир калыптагы басыгын камсыз
кылуучу музыкалык жанр. М. так ыргагы жана бирдей темпи менен музыканын башка түрүнөн айырмаланат. М. аскердик музыканын негизги түрү болуп эсептелет. М. майрамдарда, салтанат күндөрү, аскер парадында, сөөк коюуда ж. б. аткарылатынча М. сцена жанрында (опера жана балетте, ошондой эле концерттик музыкада) да бар. Бул анын формасын кеңейтүүгө, мазмунун жаңы көркөм каражаттар менен байытууга өбөлгө түзөт. Кыргыз композиторлору М. Абдраев («Жаштар маршы»), А. Малдыбаев («Эмгек маршы», «Кыргызстан», «Студенттер маршы»), К. Молдобасанов («Кыргызстан жаштарынын маршы»), П. Шубин («Фестиваль маршы») ж. б. композиторлор М-тарды жазышкан.