МАРАФОН САЛГЫЛАШЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАРАФОН САЛГЫЛАШЫ — грек-перс согуштарынын (биздин заманга чейинки 500-449) жүрүшүндөгү биринчи ири салгылаш. Биздин заманга чейинки 490-жылы 13-сентябрда Афинынын түндүк-чыгышындагы (40 км алыстыкта) Марафон түздүгүндө болгон. Салгылашта гректердин 11 миң жоокери перстердин 20 миңдей жоокерин жеңген. Грек аскерлерин колбашчы Мильтиад жетектеген. Геродоттун эсеби боюнча салгылашта перстер 6400, гректер 192 адамынан ажыраган. М. с-нан кийин перстер Грекияга 10 жыл бою кол салган эмес.