МАРСЕЛЬ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:32 учурдагы нуска
МАРСЕЛЬ - Франциянын түштүгүндөгү шаар. Жер Ортолук деңиздин Лион булуңунун жээгинде, Рона дарыясынын чатына жакын жерде жайгашкан ири порт (жылына 100 миллион т жүк ташылат). Буш-дю-Рон департаментинин администрациялык борбору. Калкы 780 миң (2010); калкынын саны боюнча өлкөдөгү Парижден кийинки 2-шаар). Шаар айланасы жана шаар жандоочулары менен Марсель шаар агломерациясын (калкы 1,6 миллион) түзөт. Франциядагы эң көп улуттуу шаар. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Биздин заманга чейинки 600-жылы гректердин ээлиги (Массалия) катары негизделген. Нефть ажыратуу, нефть-химиялык, кеме жана авиа куруу ө. ж. ишканалары иштейт. Бир нече университеттер жана музейлер (анын ичинде археол., көркөмөнөр, Эски Марсель, антика соодасы ж. б.) бар. Шаардын эски бөлүгүндө роман-готика стилиндеги Сен-Виктор чиркөөсү (11-15-кылым, крипта - 5-кылым), Ла-Мажор эски собору (12-15- к.), НотрДам-де-ла-Град (14-кылым) сакталган. Жыл сайын китеп майрамы, фестивалдар (орус театры, документ кинолордун, музыка), М. ярмаркасы өткөрүлүп турат. Ботаникалык бак, зоопарк, аквариум уюштурулган. Круиз туризми (640 миңге жакын круиз кемелери бар, 2010) өнүккөн.