МАРИЙЛЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 12:00 учурдагы нуска
МАРИЙЛЕР (өздөрүн мари, марий деп аташат, мурда черемистер деп аталган) - РФтеги эл (644 миң), Марий Эл Респ-нын жергиликтүү калкы (312,2 миң). Башкырстанда (105,8 миң), Татарстанда (18,8 миң), Удмуртияда (9,0 миң), Нижегород (7,8 миң), Киров (38,9 миң), Тюмень (11,0 миң), Свердлов (27,9 миң) жана Пермь облусунда (5,4 миң) да жашашат. Жалпы саны 604,3 миң киши (2002). Алар үч негизги субэтностук топко (тоо, талаа жана чыгыш) бөлүнөт. Тоо М. Волганын оң жээгин, талаа М. Ветлуг-Вятка дарыясынын

ортосун, чыгыш М. Вашкирия аймагын мекендешкен. Марий жана орус тилдеринде сүйлөшөт. Христиан динин тутушат. М-дин этностук негизин финн-угор уруулары түзгөн. М-дин калыптанышына жана өнүгушүнө түрк элдеринин (болгар, чубаш, татар) жана орустардын таасири тийген. Негизги кесиби - дыйканчылык, мал чарбачылык, аарычылык, балык кармоочулук. Улуттук кийими - туника сымал бычылган көйнөк, ыштан, узун этектүү кафтан, эркектер башына кийиз калпак кийип, белине кур курчанат. Аялдар алжапкыч тагынып, кооздуктарды колдонушат. Тамак-ашы - негизинен дан, эт, сүт азыктары.