МАРГАНЕЦ КЕНТАШТАРЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:32 учурдагы нуска
МАРГАНЕЦ КЕНТАШТАРЫ - курамында марганец же анын бирикмелери бар минералдардын табигый чогундусу. Эң негизги минералдарына пиролюзит (Мп 55- 63%), псиломелан (45- 60%), манганит (62,5%), вернадит (40-45%), браунит (69,5%), гаусманит (72%), родохрозит (47,8%), олигонит (23-32%), родонит (32-41%) ж. б. кирет. Курамында кошунду түрдө темир кездешет. Кен чөкмө, жанартоо - чөкмө чанда метаморфизм жана үбөлөнүү процесстеринен пайда болот. Чөкмө кендери байыркы деңиздер менен көлдөрдүн түбүндө кабат же линза түрүндө топтолот. Алар төмөнкүдөй типтерден турат: 1) окистенүү - тайыз көлдөрдөгү псиломен-пиролюзит жана манганит кенташтары; 2) карбонаттуу - терендиктен орун алган родохрозит, олигонит, манганит-кальциттүү кенташтар. Жанартоо чөкмө кендери курамында брануит-гаусманит жана псиломелан-вернадиттүү кенташтары менен айырмаланат, метаморфизм кендери чөкмө жана жанартоо кенташ чогундуларынын өтө жогорку темпра менен туш тараптан кысуучу күчтүү басымдын таасиринен өзгөрүп, пайда болот. Курамында марганецтин суусуз окистери (браунит, гаусманит) жана кычкылдары (родонит ж. б.) кездешет. Үбөлөнүү кендери окистенүү зонасында марганецтин топтолушунан пайда болот.
Ад.: Месторождения металлических полезных ископаемых. 2-е изд. М., 2005.