МИФОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска

МИФОЛОГИЯ (миф жана ...логия) - 1) алгачкы жамаат коомундагы адамдардын дүйнө жөнүндөгү укумдан тукумга оозеки баян (миф). түрүндө өткөн фантастикалык (шумдуктуу) түшүнүгү; 2) мифтерди чогултуп жана аларды изилдөөчү илим. Алгачкы коомдогу адамдардын өздөрүн курчап турган дүйнөгө болгон эң жөнөкөй фан­тастикалуу түшүнүктөрү: М. бардык элдердин өнүгүүсүнүн эң алгачкы мезгилдеринде пайда бол­гон. М-лык түшүнүк боюнча жер, асман, өсүмдүктөр жана жан-жаныбарлар дүйнөсү өзүнчө урук жа­мааттарын түзөт. Бардык нерселер жандуу, атүгүл акыл-эске ээ жана өз ара тууганча мами­леде турушат. Мындай түшүнүктөр М-да жал­пыланган түрдө болгон (мисалы, кыргызда койдун «пири» - Чолпон ата, жылкыныкы - Камбар ата, төөнүкү - Ойсул ата ж. б.). М-дагы жал­пылоочу түшүнүктөр акырындап калыптанган. М-нын алгачкы түрлөрү - фетишизм (айрым нер­селерди жандуу зат катары кароо), тотемизм (жа­мааттын же уруунун тегин тигил же бул жа­ныбарга байланыштыруу). Анимизм М-нын өнүгүшүнүн кийинки тепкичинде пайда болуп, адам нерсе менен ал жөнүндөгү «идеяны» бири бири­нен ажырата баштаганын айгинелейт. М. баш аламан формадан ырааттуу абалга карай өнүккөн. Матриархат доорундагы мифтик об­раздар түрү суук, коркунучтуу кейипте болсо, патриархат мезгилинде табиятты жеңе билген, коомдук мамилелерди аң-сезимдүү уюштурган каармандардын образы басымдуулук кылган. М-лык ойлом адегенде эле ар кандай тарыхый жана космогониялык жалпылоолорго умтулган. М. алгачкы жамаат коомунун дүйнөгө көз ка­рашы болуп, ошону менен бирге таанымдык мил­дет аткарган. Адам, дүйнө, жан-жаныбар кан­тип жаралган, өмүр менен өлүмдүн сыры эмнеде деген суроолорго жооп табууга аракеттенген. Алгачкы таптык коомдо М. диний, коомдук­саясий, моралдык жана философиялык идеялардын аллегориялык туюнтмасы болуп, искусство жана адабиятта кеңири колдонулган (к. Миф). Ар бир автор өзүнүн саясий көз карашына жана стилине ылайык мифти түрдүүчө пайдаланган. М. коом­дун саясий жана маданий турмушунда азыр да белгилүү бир кызмат өтөйт. М-ны илимий негизде изилдөө Кайра жаралуу доорунан башталган. 18-к-га чейин Европада негизинен антикалык М. гана иликтенген. Кийин Египет, Америка жана Чыгыш элдеринин мифтери кеңири жайы­лып, аларды салыштырып кароого мүмкүндүк түзүлгөн. 18-к-да итал. философ Ж. Вико М-га тарыхый түшүндүрмө берген. Эгерде француз агартуучулары (Ф. Вольтер, Д. Дидро ж. б.) мифти наадандык, жалган ишеним катары ка­раса, англ. акын Ж. Макферсон, немис жазуу­чусу жана философ И. Г. Гердер мифти элдик акылмандык деп түшүндүргөн. Романтизм М-га кызыгууну козгоп, элдик уламыштарды, жомок­торду жана мифтерди чогултуу күчөгөн. Мифтер­ди улуттук маданияттын булагы катары караган мифол. мектеп калыптанган. Мифтин маңызын бейаң (бессознательное) психикалык кубулуш­тар менен түшүндүргөн фрейдизм Батышта кеңи­ри белгилүү. Азыр М-да структуралык изилдөө­лөр (өзгөчө фр. антрополог К. Леви-Стростун эмгектери) да күчөдү. Бирок бир да теория мифтин социалдык маңызын айкындай албайт. М-нын матёр. түшүндүрмөсү советтик илимпоздор А. М. Золотарёвдун, А. Ф. Лосевдин, С. А. Тока­ревдин, Ю. Францевдин, М. И. Шахновичтин, Е. М. Мелетинскийдин эмгектеринде берилген.

Ад.: Мифология древнего мира//Сб. ст. М., 1977; Барт Р. Мифологии. М.7-2010.