МИТОХОНДРИЯЛАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МИТОХОНДРИЯЛАР (грекче mitos - жип, сйопбг1оп - бүртүк, данча), хондриосомаларөсүмдүк менен жаныбар клеткасында дайыма кездешүүчү органоид. Ал клетканын дем алуусун камсыз кылат, дем алууда энергия бошонот же женил өздөштүрүлгүдөй формада топтолот. Бактерия, көк жашыл балыр ж. б. прокариоттордо М. болбойт. Аларда М-дын кызматын клетка мембранасы аткарат. М. тоголок, таякча, гантель сымал ж. б. формада болот, өлчөмү 0,5- 1,5 мкм. М-дын чоңдугу, саны, формасы жана милдети тышкы таасирге, патол. процесске жана клетканын физиол. абалына жараша өзгөрүп турат. Ички түзүлүшү бирдей. Негизги заты - матрикс эки кат мембрана менен капталган, алардын ичкиси кристер деп аталган туура тоскоолдорду пайда кылат. М-дын белок менен липиддин татаал комплексинен турган мембранасында окистенүү жана фосфорлонуу процесстерин катализдөөчү ферменттер топтолгон. Ички жана сырткы мембрана липиддердин саны жана ферменттердин курамы боюнча айырмаланат. М-да жипчелер түрүндөгү дезоксирибонуклеин кислотасы. (ДНК), рибонуклеин кислотасынын (РНК) бардык түрү жана рибосомалар бар. Ошондуктан М. белокту синтездөөгө жөндөмдүү.
Ад.: Ленинджер А. Митохондрия. М., 1966.