МИРТОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МЙРТОВ Валериан Владимирович [29 (11). 10 (11). 1912, азыркы Рязань обл., Сапожок кыш. - 1. 2. 1994, Бишкек] - тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1969), проф. (1974). Кечки жумушчу факультетин (1933), Новосибирск т. ж. транспорт аскерлер инженерлер институтун (1939), ВКП(б) БКга караштуу Партиялык пропаганда мектебин (1944) бүтүргөн. 1939-42-ж. Новосибирск т. ж. транспорту аскер инженерлер институтунда окутуучу, 1942-44-ж. партиянын Новосибирск шааркомунда бөлүм башчы, 1944-47-ж. Кыргыз ССР тышкы иштер министринин жардамчысы, 1948- 53-ж. Кыргызстан КП БКнын агитация жана пропаганда бөлүмүндө лекторлор тобунун башчысы, 1954-72-ж. Кыргызстан КП БКнын алдындагы Партия тарыхы институтунда улук илимий кызматкер, 1972-77-ж. КММИде кафедра башчысы, 1977- 88-ж. Кыргызстан КП ВКнын алдындагы Партия тарыхы институтунун сектор башчысы болуп иштегенетикалык Кыргызстан КП тарыхына арналган жүздөн ашык илимий эмгектин, макалалардын автору.
Эмг.: Болыпевик Алексей Иваницын. Ф., 1963; Идейное и организационное укрепление областной партийной организации Киргизии. Ф., 1966.