«МИҢЧИЛЕР» КЫЙМЫЛЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
«МИҢЧИЛЕР» КЫЙМЫЛЫ - Улуу АтаМекендик согуш (1941-45) мезгилинде фронтко жардам берүү үчүн пайда бо’лгон социалисттик мелдештин бир түрү. Алгач күнүмдүк нормасын 10 эсе ашык (башкача айтканда 10 кишинин ордуна бир киши иштеп, бир күндүк норманы 100% ке жеткирүү) аткарган жумушчулар «миңчилер» деп аталган. Мисалы, Уралдагы металлургия заводдорунун биринде И. А. Астров деген жумушчу бир сменадагы норманы 1000% ке жеткирип, тез эле анын даңкы башка жактарга жайылып, массалык кыймылга айланган. Кыргызстандагы «М.» к-н биринчилерден болуп колдоп чыккан Фрунзе а. ч. машина куруу заводунун темир устасы М. Т. Чернышев болгон. Анын демилгесин заводдун бардык эмгек коллективи колдоп, 3. Алымкулов, Ж. Мамбетовдор 1942-жылы мартта бир сменада 12 нормадан (1166%) аткарууга жетишкен. «М.» к-нын негизги максаты социалисттик милдеттенмени ашыгы менен аткаруу, чыгарылган товардын сапатын жакшыртуу, өздүк наркын төмөндөтүү, майданга кеткен жумушчулардын ордуна жаңы жумушчуларды даярдоо болгон.
Ад.: Долбилкин Г. И., Елизаров С. А. и др. «Приок- ' ские зарницы». Очерки истории завода 1866- 1966 гг. Горький. 1972.