МИҢ-ЖАР МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МИҢ-ЖАР МӨҢГҮСҮ - Чоң Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы төр тибиндеги мөңгү. Узундугу 8 км, аянты 10,2 км2. Кызыл-Суунун (батыш) алабында жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 5850 м, этеги 3680 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4100 м, абляциясынын аянты 2,6 км2. «Тили» узун шынаа сымал кууш келип, фирн облусу көп камералуу жазы төрдө жатат. «Тилинин» учу морена чөкмөлөрү менен текши капталган. Мөңгүдөн Миң-Жар суусу башталып, Кызыл-Сууга сол тараптан куят.