МИНСК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска

МИНСК - Беларуссия Респ-нын борбору (1919- жылдан). Баатыр-шаар. Минск облусу администрациялык бор­бору. Минск дөңсөөсүнүн түштүк-чыгышында, Свислочь д-нын (Днепр д-нын алабы) боюнда жайгашкан. Калкы 1,8 миллион (2011). Жолдор тоо­му. Т. ж. түйүнү. Метрополитен (1984-жылдан) иштейт. 1067-жылдан Меньск деген ат менен бел­гилүү. М. 12-к-да Минск княздыгынын борбору

Эгемендүүлүк аянты.

болгон. 14-к-дан Улуу Литва княздыгынын, 1793-жылдан Россия империясынын курамына кирген. БССР түзүлгөндөн (1919, 1-январь) М. - респ-нын, 1991-жылдан көз карандысыз Бела­руссия Респ-нын борбору. Машина куруу, ме­талл иштетүү («БелавтоМАЗ», «МТЗ» трактор заводу, станок жана автоматика линиялары, под­шипник, приборлор, сааттар, ЭВМ, телевизор, радиокабылдагычтар, тиричилик муздаткычта­ры), женил, тамак-аш-татымал, химиялык-фарма­цевтика, химиялык жана курулуш материалдар ө. ж. ишканалары, полиграфиялык комбинаты иштейт. Дүй­нөлүк стандарттагы эмеректер даярдалат. М. - Беларуссиянын маданий жана илимий очогу. Бела­руссия ИА, 13 ЖОЖ (анын ичинде университет), консервато­рия, 12 музей (анын ичинде Улуу Ата Мекендин согуш тарыхы, байыркы беларус искусствосу ж. б.), 7 театр (анын ичинде опера жана балет), филармония бар. М. ш-на 1920-30-ж. реконструкция жүргүзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согушта шаардын 80% и кый­роого учураган. 1950-жылы толугу менен калыбына келтирилген. Барокко стилиндеги монастырь (17-кылым), Петропавловск (Екатеринбург) чиркөөсү (1622) сакталган. М-ден батышта Европадагы эң ири корук Беловежа чер токою (мурда пады­шалар аңчылык кылышса, учурда улуттук парк) жайгашкан. Анда мамлекет тарабынан коргоо­го алынган жаныбарлар (анын ичинде зубрлар) асыра­латынча Туризм өнүккөн.