МИНОРСКИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска

МИНОРСКИЙ Владимир Фёдорович (5. 2. 1877, Тверь губерниясы, Корчев ш. - 29. 3. 1966,

Ан­глия, Кембриж, сөөгү Москвага коюлган) - чы­гыш таануучу, ориенталист, фарсы тили боюнча белгилүү адис. 1896-жылы МГУнун юридика факультети­не, көп өтпөй эле Лазарев институтунун чыгыш тил факультетине тапшырган. 1903-17-ж. Россия ТИМ­де дипломатиялык иште; Тебриз, Тегеран шаарында орус гене­ралдык консулдугунун мүчөсү (1904-08), Теге­рандагы орус элчилигинин 1-секретары (1916- 17) болуп иштеген. Илимий иштер менен Петербургда жана О. Азияда болгон (1909-15). 1923-жылы ислам тарыхы жана фарсы адабияты адистиги боюнча Париж­ге чакырылып, 1932-жылдан Лондондо жаша­ган. 1937-жылы фундаменталдуу түшүндүрмөлөр жана сын пикир менен о. кылымдагы белгисиз ав­тордун «Худуд ал-Алам» эмгегин англис тилин­де жарыкка чыгарган. 1939-жылы Кембриж университетине которулуп, фарсы булактарын анализдеп, иран,

«Худуд ал-Аламдын» негизинде В. Минорский түзгөн Чүй-Иле аймагынын картасы.

кавказ, түрк элдери боюнча бир нече эмгектерди жараткан. «Ислам энциклопедиясы» жана иран тарыхына арналган «Ираника» («1гап1са») жый­нагынын автору. «Ширван жана Дербенд та­рыхы» аттуу эмгеги орус тилине которулган. М-дин кыргыздар жана Кыргызстанга тиешелүү уруу (мисалы, фури, кыштымдар ж. б.), топонимдер (мисалы, Кыркырхан ж. б.) боюнча пикири азыркыга чейин актуалдуу жана маанилүү. Көптөгөн илимий коомдордун (8ос1е1е АвхаПцпе - Франция, ПеШзсйе Мог£еп1апс118с11е ОезеПзсйаН - Герма­ния ж. б.) корр. мүчөсү (1948), академиялар­дын (Британия, Франция) анык мүчөсү (1943), Брюссель жана Кембриж университеттеринин доктору, Лондон университетинин ардактуу проф. (1937) болгон. Королдук Азия коомунун алтын медалы менен сыйланган.

Эмг.: Ни<1и<1 а1-А1аш. «ТЬе Ке£1ОП8 о£ 1Ье АУогМ». А Регз1ап//СеойгарЬу с!гса 372. А. Н. Ьопёоп, 1937; Минорский В. Ф. История Ширвана и Дербенда X — XI вв. М., 1963.

Э. Турганбаев.