МИНЕРАЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МИНЕРАЛОГИЯ (минерал жана ...логия) - минералдардын пайда болушу, химиялык курамы, физикалык касиеттери, түзүлүшү, табияттагы орду жана өзгөрүлүшү, эл чарбасында колдонулушу жөнүндөгү илим; геологиянын бир тармагы. М-нын негизги багыттары: кен байлыктарды табуу; аларды толук изилдеп, эл чарбасы менен ө. ж-дын бардык тармактарында комплекстүү түрдө колдонуу; физикалык касиеттери менен химиялык курамына жараша өз алдынча топторго бөлүү; пайда болушун, алган ордун аныктоо; пайдалуу бирикмелерин бөлүп алуу технологиясын иштеп чыгуу; экономикалык жактан арзан өндүрүп алуу жактарын кароо; пайда болуу шарттарын билүү; синтездеп жасалма минералдарды (алмаз, оптикалык флюорит, кварц ж. б.) өндүрүү жана аларды ө. ж-дын бардык тармактарында кеңири пайдалануу; таралышы, кездешүү шарты боюнча жер бетин өз алдынча райондорго бөлүү ж. б. М. илиминин негизин физика, химия, кристаллография сыяктуу так илимдер түзөт. Адам баласы алгачкы жашоо-тиричилигинде ар кандай таштарды (кварц, нефрит ж. б.) курал катары колдонгон. Минералдардын жөнөкөй классификациясы грек окумуштуусу Аристотелдин эмгектеринде да кездешет. 11-к-да 0. Азия илимпозу Ибн Сина (Авиценна) менен Аль-Бируни М. илимине негиз салышкан. Ибн Сина минералдарды төрткө
бөлгөн: 1) таштар менен топурактар; 2) күкүрттүү минералдар; 3) металлдар; 4) mysдар. Бируни 18 асыл таш менен минералдын физикалык касиеттерин, с. салм-н биринчилерден болуп аныктаган. Орус окумуштуулары М. В. Ломоносов, В. М. Севергин, Н. И. Кокшаров, П. В. Еремеев, Е. С. Фёдоров ж. б. М. илимине зор салым кошкон. Немис П. Грот, Р. Браунс, австриялык Ф. Беке, француз А. Лакруа 19-20-к-да М. илимин андан ары өркүндөтүшкөн. 19-к-дан баштап геохимия, петрография өз алдынча илимий тармак болуп бөлүнгөн. А. Д. Архангельский, А. Е. Ферсман, Н. М. Фёдоровский, С. Смирнов ж. б. советтик окумуштуулардын илимий эмгектери зор мааниге ээ.
Ад-: Милоеский А. В„ Кононов О. В. Минералогия. М., 1982; Бетехтин А. Г. Курс минералогии. 2-е изд. М., 2010.