МИЛАН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МИЛАН — Түндүк Италиядагы шаар. Падан түздүгүндө жайгашкан. Милан провинциясынын жана Ломбардия облусу администрациялык борбору. Өлкөнүн маанилүү экономикалык жана маданий очогу. Калкы 1,35 миллион (2012; агломерациясы менен 3,7 миллион). Альп тоолору аркылуу өткөн ашууга кетүүчү жолдогу темир жана автомобиль жолдор тоому. Кеме жүрүүчү канал аркылуу По д. менен туташат. Эл
аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Машина куруу (анын ичинде автомобиль, станок, электр-техникалык), металлургия, нефть ажыратуу, химиялык, жеңил, тамак-аш жана полиграфиялык ө. ж. ишканалары өнүккөн. Географиялык журналдар, карта жана атластар да чыгарылат. М-да Италиянын ири компанияларынын башкармалыктары, биржа жана банктары жайгашкан. Асем искусство, Илим жана адабият академиялары, университет.тер, «Ла Скала» (дүйнөлүк опера маданиятынын ири очогу), «Пикколо-театро» опера театры, Врера пинакотекасы жана Амброзиана галереясы ж. б. музейлер бар. Шаар биздин заманга чейинки 5-к-дын аягында же 4- к-дын башында инсубрлар тарабынан негизделгенетикалык Биздин заманга чейинки 3-к-да римдиктер басыпалган. 1395- 1535-жылы герцогдуктун (мезгил-мезгили менен), 1815- 59-ж. Ломбардино-Венеция королдугунун борбору. Сант-Амброжо чиркөөсү (9-15-кылым), готика стилиндеги собор (14-19-кылым), Кастелло Сфорцеско сепили (учурда музей; 1450), Санта-Мария делле Грацие кечилканасы (15-кылым) сакталган. М-да жыл сайын эл аралык жармаңкелер өткөрүлөт.
