МИКРОЭВОЛЮЦИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИКРОЭВОЛЮЦИЯ (микро... жана эволюция) - түр популяциясында жүрүп, ошол популяциялардын генофондун өзгөртүүгө жана жаңы түрдүн пайда болушуна алып келүүчү эволюциялык процесстер жыйындысы. «М.» терминин азыркы маанисинде орус окумуштуусу Н. В. Тимофеев-Ресовский киргизген (1938). М. мутациялык өзгөргүчтүктүн негизинде табигый тандалуунун көзөмө-- лүндө жүрөт. М. жаңы сапаттагы белгилерди пайда кылуучу мутациялардын жана организмдердин чөйрөнүн жаңы шартына байырлануусунан болгон тандалуунун негизинде болот. М. биол. түрдүн генофондунун бүтүндүгүн өзгөртүүгө же жаңы форма пайда болуп, ата-энесинен бөлүнүп, кандайдыр бир популяциянын ажырашына түрткү берет, ошондой эле, к. Макроэволюция.