МИКРОСПОРИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска

МИКРОСПОРЙЯ (М1сгоерог ВО818), ч а к а­л а й - үй жана жапайы жаныбарлардын мите козу карындар козгоочу жугуштуу ылаңы. Адам­га да жугат. Мында малдын териси сезгенет, жүнү түшөт жана тырмагы жабыркайт. М-ны мите козу карындар козгойт. М. менен ит, мышык, аңдар, кой, маймыл, чочко, деңиз доңуздары, жылкы, музоо, келемиш ж. б. ылаңдайт. Ылаң­даткыч чөйрө таасирине туруктуу, жүндө 2-5 жыл, топуракта 2 айга чейин сакталат. Ал фор­малиндин 1-3% түү эритмесинде 15 лшнда, щё­лочтун 5-8% түү эритмесинде 20-30 лшнда жу­гушсузданат. Ыландын букма (инкубациялык) мезгили 22-47 күнгө, ал эми ылаң 3-9 жумадан 7-9 айга чейин созулат. Эпизоотол. маалымат­тардын, клиникалык белгилердин, люминес­центтик ыкманын негизинде диагноз коюлат. М-ны чакалайдан (трихофития), котурдан, А-ави­таминозунан айырмалоонун мааниси чоң. Да­рылоодо 10%түү салицил майы, 10%түү сали­цил спирти, 10%түү иод тундурмасы, сульфон, күкүрт ангидриди, «Ям» шыбалмасы ж. б. кол­донулат. Алдын алууда вакцина пайдаланы­лат жана жолбун ит, мышыктарды жоготуп, ылаң чыккан короо, сарайлар формальдегиддин ша­кардуу эритмеси менен дезинфекцияланат (чене­ми 1 л/мг), ичи жаңы өчүрүлгөн акиташтын 10- 20%түү эритмеси менен акталат.

М. кишиде да жолугат. Көбүнчө балдар ооруйт. М. оорулуу адам же жаныбар менен жо­лукканда же соо адам оорулуунун буюмдарын (баш кийим, тарак, сүлгү, сакал алгыч ж. б.) колдонгондо жугат. Мите жуккандан 10-15 күн өткөндөн кийин териде (көбүнчө башта) какач­танган тактар пайда болуп, тери бир аз калың­дайт. Бүткөн бойдун, кол, буттун териси да ооруга чалдыгат. Дарылоодо антибиотиктер жана курамында йод, күкүрт бар дары-дармектер колдонулат.

Д. Раимбеков.