МИКРОКЛИН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МИКРОКЛИН (микро... жана грекче klino - жантаюу, эңкейүү) - талаа шпаттар тобуна кирүүчү минерал. Химиялык формуласы (К, Ма)[А1813О8]. Призма түрүндө кристаллдашат. Өңү-түсү кызгылт, мала кызыл, киргил саргыч, кээде ак, агыш, көгүш жашыл (амозонит). Айнек сыяктанып жылтырайт. Катуулугу 6-6,5. Интрузия тоо тектеринин (гранит, гранодиорит, пегматит) жана гнейстердин курамында кездешет. Карапачылыкта (карапа, чайнек, чыны ж. б. жасоодо) кеңири колдонулат.