МИКРОБИОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МИКРОБИОЛОГИЯ (микро... жана биология) - микроорганизмдерди жана алардын систематикасын, морфологиясын, фйзиологиясын, биохимиясын, тукум куугучтугун, өзгөргүчтүгүн, табиятта таралышын, ошондой эле заттардын табиятта айлануусунун ролун, адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ооруларын пайда кылуучу микроорганизмдерди изилдөөчү илим. А. Левенгук өзү жасаган микроскоп менен бактерия жана ачыткыч козу карындарды биринчи ачкан. Кишиде, айбанатта оорулардын пайда болушунда жана ачууда микроорганизмдердин ролун Л. Пастер түшүндүрүп, М-ны илим катары негиздеген жана кишини, айбанаттарды жугуштуу оорулардан сактоо үчүн эмдөө жүргүзүүнү, вирустар ачылганга чейин эле вирустуу оору - кутурмага каршы эмдөөнү сунуш кылган. 0. эле консерваларды даярдоо, азык заттарды пастерлөө, бинт жана хирургиялык аспаптарды стерилдөөнүн илимий негизин түзгөн. Л. Пастердин заттардын жаратылышта айланышындагы микроорганизмдердин ролу жөнүндөгү идеясын жалпы М-нын негиздөөчүсү С. Н. Виноградский андан ары уланткан. М-нын өнүгүшү 20-к-дын ортосунан молекулалык биологиянын жетишкендиктерине байланыштуу. М-нын өз алдынча тармактары бар. Ж а лп ы М. микроорганизмдердин жалпы түзүлүшүн, өөрчүшүн, тиричилигин, жаратылыштагы ролун ж. б. маселелерин чечет. Техникалык же ө. ж. М-сы түрдүү ө. ж-да биотехнол. процесстерде колдонулуучу (ар кыл тамак-аш сырьёлорунун ачышы, витаминдердин синтези, антибиотиктерди чыгаруу ж. б.) микробдордун биохим. активдүүлүгүн ж. б. касиетин изилдейт. А й ы л ч а р б а М-сы топурак микроорганизмдеринйн курамын, алардын топурак зат алмашуусундагы ролун, өсүмдүк жана микроорганизмдердин бири бири менен байланышын, тоютту консервалоо (силостоо), аны сактоо ж. б. маселерди изилдейт. Геологиялык М. заттардын жаратылышта айланышындагы, кендердин пайда болуу жана бузулууларындагы микроорганизмдердин ролун аныктайт. С у у М-сы суудагы микрофлоранын биохим. процесстердеги функциясын, медициналык жана в е т е р инариялык М. киши ооруларын, малдын ылаңдарын ж. б. дарттарды козгоочу жана жугузуучу микроорганизмдерди иликтейт. М. биохимия, органикалык химия, генетика, топурак таануу, гидробиолОгия ж. б. илимдер менен тыгыз байланышта. Азыркы М-нын жетишкендиктери пайдаланылып, негизги биол. маселелер чечилүүдө. М-нын хроматография, физикалык, химиялык ж. б.
методдору бар. Кыргызстанда биринчи М-лык станциялар (чумага каршы) 1926-жылы уюшулган. Респкада М-нын өнүгүшүндө Б. Я. Эльберт, М. П. Покровская, В. П. Тульчинская, Атап Айтканда Волкова, Т. А. Тыналиева, Ц. Ц. Хандуев ж. б. илимпоздордун салымдары чоң. Кыргызстанда М-лык изилдөөлөр, Кыргызстан эпидемиология, микробиология жана гигиена институтунда, ошондой эле тийиштүү илимий из. институттардын жана ЖОЖдордун лабор-ларында жүргүзүлөт.
Ад.: Шлегель Г. Общая микробиология. М., 1987; Микробиология. 2-е изд., М., 2003; Гусев М. В., Минеева Л.А. Микробиология. 9-е изд. М., 2010.