МИКОПЛАЗМОЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИКОПЛАЗМОЗ (Мусор1а8шо81в) - адамдын жана жаныбарлардын микоплазма бактериясы козгоочу оорусу. Көбүнчө аялдар ооруйт. Козгогуч оорулуу кишиден шилекей жана жыныс жолу менен жугат. Ал мурун бүтүү, фарингит, ларингит, бронхит же пневмония, ошондой эле зааражыныс жолдорунун сезгенүүсү түрүндө өтөт. Иммун жетишсиз кош бойлууларда, төрөттө, аборт жасаганда, суукка урунганда, стрессте ж. б. учурларда М. катуу кармайт. М. энеден балага берилбейт, бирок төрөт учурунда балага жугушу мүмкүн. М а л д а М. - тоок, күрп ж. б. үй куштарынын дем алуу органдарын жабыркатуучу өнөкөт ылаң. М. менен кой, эчки, мүйүздүү ири мал, чочко да ыландайт. Ылаң козгогучу (М. ^аШзерНсит) - ар кандай формадагы бактериялар. Белок, углевод жана витаминдер жетиштүү чөйрөдө жакшы өөрчүйт. М. ылаңдаган куш аркылуу тарайт. Букма (жашыруун) мезгили бир нече күндөн 2 айга чейин созулат. Ыландаган куш тоют жебейт, алы кетет, демигет, таажысы кубара баштайт, кырылдап жөткүрөт ж. б. Ылаң күчөгөндө куш арыктайт, өлөт. Ылаңдаган кой, эчкинин сүтү азаят же такыр жоголот. Муундары, көзү да жабыркайт. Козгогуч булагы - ылаң жаныбар. Козгогуч сүтү, көзүнөн чыккан суюктук, заара, заң менен бөлүнөт. Дарылоо ыкмасы иштелип чыга элек, антибиотиктер пайдаланылат.