МЕХМЕД II: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МЕХМЕД II, М е х м е т II (МеЬте! II) Фатих (Жеңүүчү) [30. 3. 1432, Эдирне - 3.-4 (же 3. 5). 1481, Гебзе] - 1444- жана 1451-81-ж. түрк султаны. Согуштук саясат жүргүзгөн. 1453-жылы Византияны талкалап, борбору Константинополду басып алып, Осмон империясынын борборуна айландырган. Сербияны (1459), Мореяны, Трапезунд империясын (1460-61), Воснияны (1463), Эвбея а-н (1471), Албанияны (1479), Крым хандыгын (1475) караткан. Армияга реформа жүргүзгөн, янычарларды ок атма куралдар менен куралдандырган. М. Пнин учурунда Осмон империясынын алгачкы мыйзамдар жыйнагы түзүлгөн.