МЕХАНОГИДРАВЛИКАЛЫК МАШИНА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска

МЕХАНОГИДРАВЛИКАЛЫК МАШИНА - пай­далуу кенди казып алуучу жана казылуучу зо­нага басым аркылуу суу аттыруу жолу менен тоо өткөөлдөрүн жасоочу агрегат. М. м-нын механикалык кесүүчү (бузуучу) куралы - күч менен аталган суу­нун ичке агымы. Ал көмүрдү талкалоодо 5- 50 МПа (1 МПа =10 кгс/смг басымдагы, тоо тектери үчүн 50-200 МПа басымдагы, 300- 1000 МПа басымдагы импульстуу айкалышты­рылган (механикалык жана гидравликалык) курал кол­донулат. М. м. артыкчылыгы забой чөйрөсүндө электр энергиясынын колдонулбаганы жана чаң­дабашы.