МЕТОД: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МЕТОД (грекче methodos - изилдөө жолу, теория, окуу) -1) билим берүүдө - балдарды окутуудагы жана тарбиялоодогу ыкмалардын, жолдордун, теориялык көрсөтмөлөрдүн жыйындысы, (к. Окуу методика); 2) т и л илиминдебелгилүү бир линг. теория жана жалпы эле тилди изилдөөдөгуыкмалардын, жолдордун, теориялык көрсөтмөлөрдүн жыйындысы; тилдин тигил же бул аспектисин изилдөө үчүн белгилүү бир теорияга, жыйынтыкка, эрежеге таянып, техникалык каражат же иш куралы катары колдонулган көрсөтмөлөр. М. - бул тилдин өнүгүүсүндөгү ар кандай ири этаптагы көз караштарга, линг. теорияларга мүнөздүү болгон өзгөрүүлөр. Тил илимин изилдөөдө бир нече негизги М-дор колдонулат: салыштырма-тарыхый М. (башка тилдерге салыштыруу ыкмасы), структуралык М. (тилдик элементтердин бир багытта бири-бирй менен катышы), конструктивдүү М. (конструктивдүү теорияны жаратуу), сыпаттама М. (тилдик кубулуштарды мүнөздөө, баяндоо, башкача айтканда синхрондук талдоо); 3) ад абият таанууда - көркөм метод: 1) бул же тигил тарыхый доордогу адабият жана искусство чыгармаларынын чындыкка карата эстетикалык мамилеси, предметти чагылдыруунун өтө кеңири жалпыланган принциби. Ар бир искусство чыгармасы белгилүү бир М-дун принциптерине негизделет. Адабий М. адамзат коомунун тарыхый өсүп-өңүгүшү, автордун дүйнөгө жеке көз карашы менен тыгыз байланыштуу. Ар бир доордун, мезгилдин өзүнө адабий М-ду болот. Себеби жазуучу курчап турган идеялардын тиби, алардын өз ара мамилелерин билдирүүчү сүйлөшүү формалары, ар кандай турмуштук конфликттери, алардын этикасындагы нормалардын принциптери жеке жазуучуга гана эмес, жалпы доорго тиешелүү нерсе болуп саналат. М. ар кандай стилдеги көптөгөн өз алдынча сүрөткерлердин чыгармачылыгын жалпылап, алардын окшош белгилерин көрсөтүп турат. Заманбап дүйнөлүк адабий процессте кеңири пайдаланылып жаткан реализм М-уна чейин эле классицизм М-дору жашап келген. Көптөгөн жазуучулар ушул М-дордо классикалык баалуу чыгармаларды жазып калтырышкан. Мезгилдин, элдин жашоо турмушунун, аң-сезиминин, дүйнөлүк көз карашынын өзгөрүшү, адабий процесстин ургаалдуу өнүгүшү, жаңыланышы менен жаңы М-дор пайда болуп, ар бир М. өзүнүн таланттуу өкүлдөрүн жараткан. Айрым бир жазуучулар адегенде бир М-до чыгармачылыгын баштайт да, кийин башка бир М-го өтүп кетет. Адабий М-дон башка да адабий агымдар болушу мүмкүн, бирок алар адабий процесстеги убактылуу гана жашоочу жалпыланбаган көрүнүштөр (мисалы, натурализм, сентиментализм, футуризм ж. б.); 2) адабиятты үйрөнүу принциптери. Ар кандай агым, теория өздөрүнүн көз карашына ылайык изилдөө М-ун иштеп чыгат, ошол М-дун чен-өлчөмүнө, табылгаларына салып, адабий чыгарманы текшерет, талдайт, багыттайт. Адабият таануу илиминин тарыхында маданийтарыхый, эволюциялык, антропол., салыштырма, психол. М. сыяктуу М-дор бар.