МЕТИЛ СПИРТИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МЕТЙЛ СПИРТИ, метанол, жыгач с п и р т и, СН3ОН - бир атомдуу каныккан спирттердин биринчи мүчөсү. Этил спирти жыттанган түссүз суюктук, кайноо 1 64,5°С, тыгызд. 0,7924 г/см? (20°С), аба менен 6,72-36,3% (көлөмү боюнча) аралашмасы жарылат. 15,6°Сде от алат. Суу, спирт, бензол, ацетон ж. б. органикалык эриткичтер менен бардык катышта аралашат. М. с. бир атомдуу спирттердин касиеттерине ээ. Ө. ж-да көмүртектин оксиди (П) менен суутектен, көмүртектин кош оксиди (IV) менен суутектен жана каныккан углеводороддорду (этан жана пропан) толук эмес окистендирүүдөн алынат. Сырьё катары табигый жана кокс газдары керектелет. М. с. формальдегидди, карбамид чайырын, уксус кислотасын, синтездик каучуктарды, поливинил спиртин, түрдүү эфирлерди, антифриздерди, алкилгалогениддерди, тоют белокторун ж. б. өндүрүүдө, мотор отуну катары, бензиндин антидетонациялык касиетин жакшыртууда ж. б-да
колдонулат. М. с. - нерв жана кан тамыр системасына, көз, дем алуу органдарына зыяндуу таасир этүүчү уу зат. 5-10 мл М. с-н ичкен адам катуу ууланат, 30 жлден ашык ичсе, өлүмгө дуушар болот.