МЕТИЛМЕТАКРИЛАТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕТИЛМЕТАКРИЛАТ, СН2=С(СН3)-СООСНЭ - метакрил кислотасынын метил эфири; түссүз суюктук. молекулалык салмагы 100,11; кайноо 1100,6°С. Сууда, органикалык эриткичтерде эрийт; от алуу температурасы 8°С. Суу менен жай (жегичтер жана кислоталар тездетет) гидролизденип, метакрил кислотасын пайда кылат. Минерал кислоталардын катышуусунда (катализатор катары), органикалык кислоталар менен ысытканда метакрил кислотасын жана органикалык кислоталардын метил эфирин пайда кылат. М. полиметакрилатты пайда кылуу менен оңой полимерленет. Полимерленүүдөн сактоо үчүн стабилизатор (гидрохинон, жез) кошулат. Ө. ж-да метанолдун катышуусунда ацетонциангидринди дегидротациялоо менен алынат. М-тын организмди уулантуучу жана наркоздук таасири бар, буусу былжыр челди дүүлүктүрүүчү зат; абадагы концент-сы 0,05 мг/лрен ашпоого тийиш.