МЕТАФИЗИКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МЕТАФИЗИКА - 1) болмуштун сезимден тышкары (тажрыйба аркылуу таанып билүүгө болбогон) принциптери жөнүндөгү философиялык илим; 2) өнүгүүнүн ички булагы карама-каршылык экендигин таанып, диалектикага каршы турган филос. ыкма. Бул эки түшүнүк тең баарынын башталышы жөнүндөгү философиялык «илимдин» негизи катары өнүккөн. Алгач термин Андоник Родосский тарабынан Аристотелдин болмуштун акыл менен билүүгө мүмкүн болгон башталмалары жөнүндөгү чыгармасында (биздин заманга чейинки 1-кылым) берилген аталыштан алынган. Кийин 17-к-да механикалык табият таануунун базасында (механика менен математика ойломдун илимий образы катары карала баштаганда) диалектикалык ыкманын карама-каршысы катары эсептелген. Азыркы кезде М. философиянын синоними катары да колдонулат.