МЕТАСТАЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕТАСТАЗ (грекче metastasis - орун которуштуруу, өтүү) - оору пайда кылуучу микроорганизмдердин шишик клеткалары ж. б. оорунун башталган жеринен кан же лимфа менен орун которуп келишинен пайда болгон экинчи патол. очок. Пайда кылуучу агенттерге жараша инфекциялуу М. жана шишик М-ы, ал эми таралуу жолуна байланыштуу лимфагендүү жана гематогендүү болуп айырмаланат. Шишик клеткасы лимфа жолу менен тараса, М. көбүнчө 1-шишиктин жанындагы лимфа бездеринде пайда болот. Гематогендик М-да клетка 1-шишик түйүнүнөн бөлүнүп, кан тамырга кирип, канда айданат жана кан тамыр капталына жабышып, өсө баштайт. Андан бузулган органдын тканында М. андан ары өнүгөт. М. түшүнүгү көбүнчө зыяндуу шишик клеткаларынын таралышын билдирет. Анын тез же жай болушу, таралышы ар түрдүү шишиктин мүнөзүнө жараша болот. Канга түшкөн шишик клеткаларынын баары М. пайда кылат. Ал жалгыздан болсо хирургиялык жол менен, жайылып тараган М-ды комплекстүү, нур жана химиятерапия жолдору менен дарылайт.