МЕТАМОРФОГЕН КЕНДЕРИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МЕТАМОРФОГЕН КЕНДЕРИ - тоо тектердин метаморфизм процессинде жогорку температура менен күчтүү басымдын таасиринен келип чыккан минералдык заттардын чогундусу. Алар метаморфизмделген жана метаморфизм кендери болуп бөлүнөт. Метаморфизмделген кенд е р аймактык жана жергиликтүү (чектелген аянтта гана болуучу) метаморфизм процессинин мурдагы кендерге тийгизген таасиринен пайда болот. Мындай кендер деформацияланып, метаморфизмделген тектерге мүнөздүү касиеттерге ээ болот. Сланецтелген була сыяктуу текстуралар, гранопласт структуралары өнүгөт. Аморфтуу заттар кристаллдашат, борпоң минералдардын көлөмдөрү кичирейип, катуу минералдарга айланат. Метаморфизмделген кендердин басымдуу көпчүлүгү кембрийге чейин пайда болгон формацияларда кездешет. Метаморфизм к е н д е р и тоо тектер метаморфизм процессине учурап жатканда жаңыдан пайда болот. Акиташ мраморго, кумдуктар кварцитке, чополуу тектер сланецке өтүп кетет. Боксит наждакка айланат.
Ад.: Елисеев Н.А. Метаморфизм. 2-е изд. М., 1963; Белевцев Я. Н. Метаморфогенное рудообразование. М., 1979; Старостин В. И., Игнатьев П. А. Геология полезных ископаемых. 2-е изд. М., 2006.