МЕТАЛЛ ЭМЕС КЕНДЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска

МЕТАЛЛ ЭМЕС КЕНДЕР, келташ эмес

к е н д е р - курамында металлдар кездешпеген тоо тектер же минералдык агрегаттар. Курулуш ишинде, ө. ж. тармактарында колдонулат. Көпчүлүгү табигый түрдө, калгандары механикалык, термдик, химиялык жол менен иштетилип пайдаланы­латынча Ө. ж. тармактарында колдонуу өзгөчөлүк­төрү боюнча төмөнкүдөй топторго бөлүнөт: 1) х и­миялык сырьёлор - минералдык жер семирткичтер, mysдар (апатит, күкүрт, галит, силвинит, карналлит ж. б.); 2)металлур­гиялык сырьёлор - отко чыдамдуу заттар (чопо, доломит, магнезит, кварцит ж. б.), калып жасалуучу тоо тектер (чопо, кум), кен күкүмдөрүн бириктирип камдаштыруучу мате­риалдар (бентонит чопосу), металл эритүүдө ке­ректелүүчү заттар (акиташ, флюорит, доломит, кварцит); 3)курулуш материалда­р ы - курулушта колдонулуучу тоо тектер (гра­нит, диорит, сиенит, доломит, акиташ, мрамор, кварцит, туф, кум, кумдук ж. б.), карапа, ай­нек жасалуучу материалдар (чопо, кум, талаа шпаты, каолин, волластонит ж. б.), бирикти­рип камдаштыруучу заттар (чопо, акиташ, мер­гель), минералдык боёктор (жошо, мумиё ж. б.), жылуулук жана үн өткөрбөөчү тектер (пелит, вер­мукулит); 4) металл эмес кенташ сырьёлору - техникалык жол менен өндүрүлгөн кристаллдар (алмаз), ар кандай минералдар (пье­зокварц, исланд шпаты, мусковит ж. б.), асыл жана кооз таштар (алмаз, изумруд, топаз, мала­хит ж. б.), абразивдүү материалдар (бүлөө, кай­рак ж. б.).