МЕТАЛЛ КОНСТРУКЦИЯЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска

МЕТАЛЛ КОНСТРУКЦИЯЛАРЫ - металлдан жасалып, курулушта колдонулуучу конструк­циялар. Азыркы М. к. болот конструкцияла­ры жана жеңил куйма (алюминий куймалары.) констр-лар болуп бөлүнөт. 20-к-дын башына че­йин курулушта чоюндан жасалган металл куру­луш констр-лары колдонулган. Азыр ө. ж-лык курулмалар, коомдук имараттар, көпүрөлөр ж. б-да болот констр-лары кеңири колдонулат. Жеңил куйма констр-лардын бир катар артык­чылыгы (жеңилдиги, коррозияга туруктуулугу, кооздугу ж. б.) аны курулушта кеңири колдо­нууга мүмкүндүк түзөт. Элементтердин өз ара бириктирилиши боюнча М. к. ширетилме, бөрк­төлмө жана бурамалуу бириктирилме болуп бө­лүнөт. Машина курууда М. к-на формалуу ме­таллдан даярдалган тетиктер кирет.