МЕРКАПТАНДАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕРКАПТАНДАР, тиоспирттер, тиолд о р - органикалык күкүрттүү бирикмелер. Жалпы формуласы - К8Н, мында К-углеводород радикалдары (СН3, С2Н. ж. б.). Гомол. катардагы кичине молекулалык массалуу мүчөлөрү - өзгөчө жагымсыз жыттуу суюктуктар. Жаратылышта негизинен белоктордун чиришинен пайда болот. Туздары меркаптиддер деп аталат. М. дисульфидге жана сульфон кислотасына чейин оңой окистенет. М. химиялык мүнөзү боюнча начар кислоталык касиетке ээ. М. жегич металлдардын сульфиддерин алкилдөөдөн, тиомочевинадан алынган mysдарды гидролиздөөдөн ж. б. жолдор менен алынат. М. жана алардан синтезделген заттар табигый жана синтездик каучукту жумшартууда, айрым дары-дармек заттарын алууга колдонулат.