МЕРВЕРРУДИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска

МЕРВЕРРУДИ Фахр ад-Дин Мубарак-шах - мусулман тарыхчысы, акын. 12-к-дын аягы - 13-к-дын башында Афганстанды жана Түндүк Ин­диянын айрым аймактарын бийлеген Гуриддер султандыгында жашаган. Анын чыгармалары фарсы тилинде жазылган. М. санжыра да жаз­ган (1206), анын кириш бөлүмүн «Тарых» деген шарттуу ат менен англ. изилдөөчү Э. Денисон Росс 1927-жылы жарыялаган. Бул эмгекте түрк элдери тууралуу маалымат айтылып, алардын согду жана тогуз алфавитинде жазуусу болгону жөнүндө эскерилет. Түрктөрдүн ичинде кыргыз, чигил, тухси, йагма сыяктуу теңир-тоолук уруулар да атайын тизмеленип берилген.