МЕРВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МЕРВ (фарсыча , Марв, кытайча , Ми1и) - О. Азиядагы байыркы шаарлардын бири. Мургаб

д-нын жээгинде (Түркмөнстандагы азыркы Байрам-Али ш-на жакын) жайгашкан. Мургаб (байыркы фарсча - Мургаш, грекримче - Маргиана) д-нын боюндагы тарыхый аймак да «М.» аталган. 12-к-да дүйнөдөгү алгачкы чоң шаар болгон деген пикир бар (1145- 53-ж. шаарда 200 мйңден ашык адам жашаганы аныкталган). М-дин урандылары 19-к-дын 80-жылдарынан изилдене баштаган. Археол. казуу убагында ар кайсы доордо курулган бир нече шаарча табылган. Анын эң байыркы бөлүгү - Эрк-Кала шаарчасы Ахемениддердин
дооруна (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын орто чени) таандык, аны курчап турган Гяур-Кала эллиндердин тушунда (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын аягы) курула баштап, Сасаниддерге (биздин замандын 3- 7-кылым) чейин салынган. Эң чоңу Султан-Кала (8о11ап£а1а) негизинен арабдардын (8-10-кылым) жана селжуктардын тушунда (11-кылым) курулган. Ал эми Тимуриддердин тушунда курулган шаарча Абдуллахан-Кала (АЬс1у11аЬап£а1а) деп аталган. Эрк-Кала (Егк§а1а) жазма маалыматтарда алгач «Авестанын» түшүндүрмөсүндө жана Бехистун жазмасында эскерилет. Александр Македонский караткандан кийин бир аз убакыт «Александрия» деп аталып, Селевкиддердин тушунда Маргиана аймагы, кийин Парфия, анан Сасаниддердин мамлекеттеринин башкы шаары, Омейяддар жана Аббасиддер династияларынын учурунда Хорасан провинциясынын борбору, халиф ал-Момун убактылуу жашап турганда 813- 818-ж. мусулмандардын дүйнөлүк борбору болуп калган. 1037-жылы селжуктардын колуна өтүп, Алп Арслан жана анын тукуму Санжар султандын сөөгү М-ге коюлган. 13-к-да Хорезм шахына баш ийген, андан кийин моңголдор басып алган (1221). 1510-24 жана 1601-1747-жылы Персиянынкарамагында, 19-к-да урандыга айланган. М-де Санжар султанга жана Мухаммед ибн Зейдге мавзолей (экөө тең 12-кылым) салынган. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
Ад.: Древний Мерв/Под редакциялык М. Е. Массона. Ашгабат, 1989; Древний Мерв в свидетельствах письменных источников. Ашгабат, 1994.
