МЕНЬШЕВИКТЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МЕНЬШЕВИКТЕР — Россия с.-д. партиясындагы саясий агым. РСДРПнин 2-съездинде (1903) болыпевиктер жана меныпевиктерге бөлүнүп, 1917-жылы М. партиясы түзүлгөн. М. (лидерлери: Л. Мартов. П. Б. Аксельрод, Г. В. Плеханов, В. И. Засуличж. б.) жаңы типтеги партиянын теориялык, уюмдаштыруу жана тактикалык негизине, буржуазиялык-демокр. революциядагы пролетариат гегемониясына, пролетариат менен дыйкандар союзуна каршы чыккан (дыйкандардын революциялык потенциалы жок деп эсептешкен); революциянын башкы кыймылдаткыч күчү - либералдык буржуазия деп эсептеп, аны менен жумушчу табын кызматташууга чакырган. 1-дүйнөлүк согушта (1914-18) М. социал-шовинизм же центризм тарабына өткөн. 1917-жылдагы Февраль революциясынан кийин массанын саясий тажрыйбасы жоктугунан пайдаланып, алар эсерлер менен бирдикте Советтерде жетекчи абалга жетишип, бийликти Убактылуу өкмөткө берген. Ошол жылдын май айында М. коалициялык Убактылуу өкмөткө кирген. Алар В. И. Лениндин «Апрель тезистерине», буржуазиялык демокр. революциядан социалисттик революцияга өтүүгө, Орус революциясына (1917), Врест тынчтыгына жана Совет бийлигинин бардык иш-чараларына каршы чыгып, Советтердин бүткүл россиялык 2-съездин үзгүлтүккө учуратууга аракеттенишкен. Керенский-Краснов козголоңун колдошкон; ак гвардиячылар жана империалисттер тарабында жарандык согушка катышкан. Жаңы экономикалык саясатка өтүүдө М. эсерлер менен бирге кулак козголоңдорун идеялык-саясий жактан жетектеген; ишканаларда саботаж уюштурууга, Кронштадттагы козголоңго катышкан. Пролетариат диктатурасынын соккусунан улам М. партиясы 1924-жылы жоюлган. 1931-жылы март айында М-дин «РСДРП БК Союздук Бюросунун» үстүнөн фальсификацияланган сот процесси жүргүзүлүп, анын мүчөлөрү (14 адам) чыккынчылар деп күнөөлөнүп, камакка алынган.
Ад.: Урилов И. X. История российской социалдемократии (меныпевизма). М., 2000-2008. Ч. 1-4; Тютюкин С. В. Меньшевизм: страницы истории. М., 2002.