МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ - мамлекеттик (муниципиалдык) менчикти жеке менчикке же башка түргө өткөрүү формасы; кыймылсыз мүлк, жер, табигый ресурстар, өндүрүш каражаттары ж. б. мүлктөрдү мамлекеттин эсебинен жеке адамдарга, фирмага, АКтын менчигине өткөрүү иш-чаралары. Ал мамлекеттик менчикти сатуу $<. б. жолдор менен ишке ашып, мамлекеттик бюджетке ири суммадагы акча түшөт. Ал каражат социалдык ж. б. маселелерди чечүүгө жумшалат. М. масштабы боюнча экономиканын ишкердүү чөйрөсү, менчик түрү ж. б. болуп бөлүнөт. Кыргызстанда М. 1991-жылы башталган. Ал башында атайын мамлекеттик купондор аркылуу жүргөн. М-гө ишканалар, кыймылсыз мүлктөр ж. б. мамлекеттик объектилер дуушар болгон. Кыргызстанда мамлекеттик ишканалардын 72,6% и менчиктештирилген (2008).