МЕНИНГОКОКК ИНФЕКЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МЕНИНГОКОКК ИНФЕКЦИЯСЫ - адамдын менингококк козгогон жугуштуу оорусу. Менингококктор соо адамдын дем алуу органдарында көпкө чейин, кээде өмүр бою жашай берет. Ооруну ошол микробду алып жүрүүчүлөр таратат. Микроб мээ кабыкчаларын сезгентип, борбордук нерв системасын жабыркатат. Менингококктор оорулуудан же аны алып жүрүүчүлөрдөн жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө шилекей менен бөлүнүп, айланадагы кишиге ооз, мурун аркылуу кирет. М. и. менен бардык жаштагылар, айрыкча жаш балдар (1-14 жаштагы) көп ооруйт. Оорунун алгачкы белгилери микроб жуккандан 1-3 күндөн кийин пайда болот. Оорулуунун башы, тамагы ооруп, жөтөлөт. Мурун бүтүп, дем кыстыгат, тез-тез чүчкүрөт. Дене температурасы 37-38°Сге көтөрүлөт. Көпчүлүк учурда оор өтөт. Мурун кеңилжээриндеги менингококктор канга өтүп, андан мээге жетип көбөйүп, мээ кабыгын сезгендирет (менингит). Айрым учурда М. и. сепсиске айланганда денени кызамыкка окшош чыбырчыктар жыш каптап, териге кан куюлуп, чоң темгил тактар пайда болот. Эгерде мындай кан куюлуу ички органда болсо, жалпы кан басымы төмөндөп, оорулууну сактап калуу кыйындайт. Ошондуктан оорунун алгачкы белгилери байкалар замат врачка кайрылуу зарыл. Эртерээк ооруканага жеткирип, диагнозун тез коюп, туура дарылоо бул оорунун коркунучтуу кабылдоолорунун алдын алат.